ТИМ: Түркияда сабалган кыргыз кызы тууралуу маалымат такталып жатат

Жазылуу
Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, окуя эки күн мурун Измирде болгон.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кыргыз кызын эки мекендеши сабаган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Убийство на почве ревности - Sputnik Кыргызстан
Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду
Буга чейин социалдык тармактарда канжалата сабалган кызды кордоп жаткандар анын тилин кесебиз деп коркутуп жаткан видео таркаган. Бул окуя эки күн мурда Измирде болгону айтылат. 

Маалыматка караганда, жабыркоочу учурда иммиграциялык полицияда, ал эми паспорту менен телефону кордук көрсөткөн кыздар тарабынан жок кылынган. 

Социалдык тармактын колдонуучулары укук коргоо органдарынан бул маселени тергөөнү талап кылып жатышат. 

Ал эми КРдин Тышкы иштер министрлиги Түркиянын ТИМине тиешелүү билдирме жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0