БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кечинде Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганын Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кагышуу 19.00дөр чамасында болгон.
"Кесилиште Кайгуул милициясынын инспектору өтө турган кортежден улам жол кыймылын көзөмөлгө салып турган. Бардык унаалардан Горький көчөсүнө бурулуу талап кылынган. Түндүк тарапты көздөй бараткан Mercedes Benz унаасынын айдоочусу баш ийбей, каршы тилкеге чыгып, №102 маршрутка менен сүзүшүп калган", — деп айтылат билдирүүдө.
Натыйжада бустун жүргүнчүлөрү жабыркап, алардын арасында өспүрүм бар экени айтылууда. Эки унаа тең айып короого токтотулду. Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу кыздын соо экени аныкталды. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.