15:23 26 Бугу 2017
Түз эфир
Шахтага түшүп жаткан шахтерлор. Архив

Сүлүктүдө көмүр казган 17 жаштагы бала таш алдында калып каза болду

© Фото / Азамат Айтбаев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
171 0 0

Жаш жигит көмүрдү өз алдынча казып келген. Маркумдун сөөгү уранды алдынан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында өз алдынча көмүр казып иштеп жаткан 17 жаштагы баланын үстүнө таш кулап, жигит ошол жерден каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-январь күнү саат 16.15тер чамасында болгон. Аталган кен "Белес-1" ишканасына таандык экени аныкталды. 

Кендин кызматкерлери маркумдун сөөгүн уранды алдынан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Тема боюнча

Таш-Көмүр: 11 саат бою уранды алдында калган Байыскулов окуянын чоо-жайын айтып берди
Сүлүктүдө шахта кырсыгынан бир адам каза тапты
Белгилер:
шахта, кен, көмүр, Сүлүктү

ЭҢ МААНИЛҮҮ