Дарыканага бычак менен кол салган киши бир айдан кийин кармалды

Жазылуу
Кара-Балта шаарынын тургуну дарыкананы карактап, акча алып кетүүгө ниеттенген деп күнөөлөнүп жатат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Беловодское айылындагы аптекалардын бирине кол салгандар 35 миң сомду тоноп кеткендигин Чүй облустук ИИБден кабарлашты. 

Убийство на почве ревности - Sputnik Кыргызстан
Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду
11-декабрь күнү болжол менен түшкү саат 15:30дар чамасында Москва райондук Ички иштер бөлүмүнө дарыканага кал салуу болгонун кабарлаган маалымат келип түшкөн. 

Аталган факты боюнча окуя катталган жерге барган райондук милиция кызматкерлери ал күнү 20-25 жаштардагы европа түспөлдүү бет капчан киши кирип келип, курал менен коркутуп, 35 миң сомду алып кеткенин аныктады. 

Бул фактыдан кийин Кылмыш кодексинин 168-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-иликтөө кызматы аталган окуяга тиешеси бар деп шектелген Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы тургунун кармаган. Кармалган жаран Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0