Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду

Жазылуу
Сурак учурунда эки өспүрүмдүн дос экени, экөө Кристина аттуу кызга ашык болуп, уруша кеткендиги аныкталган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Москва районундагы Беловодское айылында кызганычтан 15 жаштагы досун өлтүргөн деген шек менен 17 жаштагы өспүрүм кармалганын Чүй ИИББ билдирди.

Бычак кармага адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто ата-энесине болушкан 25 жаштагы жигит эки кошунасын бычактап салды
Маалыматка ылайык, милицияга айылдын 51 жаштагы тургуну кайрылып, 7-январда саат 19.30дар чамасында үйдөн чыккан боюнча келбеген уулун таап берүү өтүнүчүн келтирген. Милиция кызматкерлери баланын жашаган үйүн карап, коңшуларын суракка алган. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында чыгыш тараптагы саздан издөөгө алынган баланын тогуз ирет бычак жеген денеси чыккан. Кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 17 жаштагы тургуну кармалып, тинтүү учурунда үйүнөн бычак, маркумга таандык телефон жана таштанды челегинен сим-картасы табылган.

Сурак учурунда эки өспүрүмдүн дос экени, экөө Кристина аттуу кызга ашык болуп, уруша кеткендиги аныкталган. Кызганычтын улам шектүү жабырануучуга бир нече ирет бычак уруп жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0