Чек арадан Тажикстанга сапар алган өспүрүм кыз менен бир жигит кармалды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПограничная застава им. А.М.Кижеватова в Брестской области
Пограничная застава им. А.М.Кижеватова в Брестской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кыргыз жарандары үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү "Кайрагач" өткөрүү пункту тарабынан кармалган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз түрдө чек арадан өтүүгө аракет кылган өспүрүм кыз менен бир жигит кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган кыргыз жарандары үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү "Кайрагач" өткөрүү пунктунан кармалган. Алар чек араны айланып өтүүгө аракет кылган. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар ИИМге өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0