Аял менен баланын дүкөндөн телефон уурдап жатканы видеого түшүп калган

© Sputnik / Жоомарт УраимовКража мобильных телефонов
Кража мобильных телефонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен аял менен өспүрүмдүн телефон уурдап жатканы видеого түшүп калган. Окуянын кандайча болгонун телефондун ээси айтып берди.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкектеги Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири дүкөндөрдүн биринде аял менен өспүрүм баланын телефон уурдап жатканы видео-көзөмөлгө түшүп калып, Facebook социалдык тармагына жарыяланды. 

Анда көрүнүп тургандай, аял балага кийимди өлчөп жаткандай түр көрсөтүп үстүнөн калкалап турат. Ошол маалда бала сатуучунун текчеде турган телефонун байкатпай алып алат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уурдалган телефондун ээси менен байланышканда, ал телефонунан кол жууганын жарым сааттан кийин гана билгенин айтты. Окуя ишемби күнү саат 14.45те болгон.

"Алар телефон аркылуу сүйлөшүп бүтүп, текчеме коюп койгонумду байкашса керек. Ошол маалда кардарлар өтө көп эле. Мен алаксып кетиптирмин. Жарым сааттан кийин гана бирөөгө чалайын деп телефондумду таппай калдым", — деди Телли Гасанова. 

Телефону жоголгонун билген сатуучу дароо көзөмөл кылган камералардагы видеолорду көрө баштаган. 

"Телефонумду энеси менен баласы уурдап кеткенин ошол жерден көрдүм. Дүкөндүн кароолчулары менен бардык камераларды карап чыкканыбызда ал экөө бардык бутиктерге кирип чыкканын билдик. Бирок биздин бөлүмдөн чыккандан кийин шашкан бойдон дүкөндөн чыгып кетиптир", — деди сатуучу. 

Гасанова укук коргоо органдарына арыз жазып, Свердлов РИИБи камерага түшүп калган видеонун баарын көрүп чыкты.

Милиция менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0