Сузакта 50 метр жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жаралды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Сузакта жер көчкү коркунучу жаралган аймактардан жарандарды көчүрүү иши жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, Жалгыз-Жаңгак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жаралган. 

"Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40 миллион куб метрди түзөт. Жер көчкү бир турак-жайга 15 метр жана 15 турак үйгө 350 метр жетпей калган. Учурда эки үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары 14 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0