Ат-Башыда кардын айынан кыштоодо калган 36 миң малга тоют жөнөтүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮйүр жылкы. Архив
Үйүр жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башыдагы чабандар калың кардын айынан кыштоодо малдары менен кошо байланышсыз калган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ат-Башы районуна түшкөн калың кардан улам жол каттамы жабылган Ак-Сай, Арпа өрөөнүндөгү малчыларга жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 27-30-декабрь күндөрү жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүндөгү жол каттамы жабылып калган. 

"Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү кыштоо сарайларында калган 54 үй-бүлөгө, болжол менен 200 жаранга жардам көрсөтүү жана 10 миң 674 топоз, 14 миң 110 кой, 10 уй жана 11 миң 230 жылкыга тоют жеткирүү маселеси каралган", — деп жазылат маалыматта. 

Учурда жол тазалоо үчүн атайын унаалар тартылып, аталган өрөөнгө азык-түлүк менен малга тоют жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0