БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч кызыл карагайды белгисиз бирөөлөр кыйып кеткенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге келген "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы менен санитардык-экологиялык инспекциянын адистери бак кол араасы менен кыйылганын аныкташкан.
Шаардын көркүн бузган факты боюнча акт түзүлүп, күнөөлүүлөрдү аныктоо максатында Свердлов РИИБине кайрылуу жөнөтүлдү.