Алайда жер көчтү

© Фото / пресс-служба МЧС КРАлайдагы жер көчкү
Алайдагы жер көчкү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер көчкү турак үйлөргө 130 метр жетпей калган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алайындагы Чакмак айылында жер көчкөнүн ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, көчкү турак үйлөргө 130 метр жетпей калган.

"Чакмак айылында бүгүн саат 16:30да болжол менен 3000 метр куб жер көчкү түшкөн. Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын чечими менен жашоочулар туугандарыныкына көчүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Учурда көчкү түшкөн аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0