Таксист уктап кетип, аялдамада турган кишини коюп кеткен

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП на пересечении улиц Ахунбаева и Чапаева в Бишкеке
ДТП на пересечении улиц Ахунбаева и Чапаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таксист жаңы жыл түнү иштеген. Ал Ахунбаев көчөсү менен келе жатып уктап кетип, каршы жолго чыгып кеткен.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында болжол менен саат 13.30дар чамасында Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Шаардык Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, Honda Fit менен Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаалар кагышканын маалымдады.

"Honda Fit унаасынын айдоочусу түнү менен уктабай иштегенин айтты. Ахунбаев көчөсү аркылуу келе жатып, уктап кеткен. Каршы жолго чыгып Honda Odyssey автоунаасы менен кагышып, андан кийин ал аялдама жакка бурулуп, 60 жаштагы кишини коюп, бакты сүзүп токтогон", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.

Экспертиза эки айдоочу тең арак ичпегенин аныктады.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0