ӨКМ: фейерверктен улам өлкө боюнча эки өрт кырсыгы чыкты

Жазылуу
ӨКМ ошондой эле өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталганын, аны өчүрүү үчүн 26 өрт өчүрүүчү машина тартылганын маалымдады.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 31-декабрдан 1-январга караган түнү фейерверктен улам Бишкек шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районунда бирден өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында атылган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында атылган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, фейерверктен улам Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү гараждагы таштанды күйсө, Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылындагы үйдүн чатырындагы эки боо пахта буласы күйгөн.

Катталган эки өрт тең толугу менен өчүрүлгөнүн Шерипова база белгиледи.

ӨКМ ошондой эле өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталганын, аны өчүрүү үчүн 26 өрт өчүрүүчү машина тартылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0