Сузакта КамАЗ менен Honda Fit сүзүшүп, 4 адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак "Обгон запрещен"
Дорожный знак Обгон запрещен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda Fit унаасындагы эки эркек киши менен эки аял окуя болгон жерде мерт кеткен.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тушунда КамАЗ менен Honda Fit сүзүшүп, төрт адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо автоунаа тоголонуп бир адам каза таап, алты киши жаракат алды
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-декабрь күнү саат 17.50дө Бишкек — Ош жолунун 558-чакырымында болгон. Honda Fit унаасындагы эки эркек киши менен эки аял окуя болгон жерде мерт кеткен. Маркумдар Базар-Коргон районунун тургундары экени маалым болду.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып берип, аларды Тез жардам кызматы облустук оорукананын сөөк сактоочу бөлүмүнө жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0