15:24 26 Бугу 2017
Түз эфир
Мужчина достает папку Дело № из полки. Архивное фото

Москвадагы мекендештерге жасалма билет саткан аялга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
201 0 0

Кыргызстандыктарга жасалма билет сатты деген шек менен Москва шаарынан Алтынай аттуу кыз кармалган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Москвадагы кыргызстандык жарандарга Москва — Ош, Москва — Бишкек каттамы боюнча жасалма билет сатты деген шек менен кармалган Алтынай аттуу кызга карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгонун КР ИИМдин Россиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Москва шаарынан 26, 27, 28, 29,30, 31-декабрга чейин Алтынай аттуу кыз Кыргызстандын жарандарына жасалма билет сатканы аныкталган. Андан билет алгандар 26-декабрда Домодедово аэропортунан Кыргызстанга уча албай, КР ИИМдин атайын өкүлүнө кайрылышкан.

Алиев бүгүн эртең менен дагы отуздай киши Кыргызстанга уча албай калганын айтып, алардан арыздар алынганын кошумчалады.

"Полицияга барып арыздарын каттатып жатабыз. Тергөө иштери жүрүүдө. Жарандар билетти 5 миңден 8 миң рублга чейин сатып алышыптыр. Арасында Кыргызстанга барып келгенге деп эки тарапка алгандар бар экен. Алардын көбү үйүнө жаңы жыл тособуз деп бараткандар болууда", — деди ал.

Ошондой эле кармалган кыз августтан бери билет сатып жүргөнүн, андан билет алгандар 26-декабрдан баштап уча албай калышканын айтып, билет алып алгандар аэропортко чейин барып жөндөн жөн эле чыгым болуп жатканын белгиледи.

"Аэропортко деле барып келүү оңой эмес да, жүктөрүн көтөрүнүп алып барса, ал жактан билети жараксыз болуп жөн эле чыгым болушууда. Аларды Кыргызстанда дагы туугандары, ата-энеси күтүп жатат. Мындай күндөрү болсо да мейли дейт элең, жаңы жыл алдында болгону жаман болуп жатат", — деди Алиев.

ИИМдин Москвадагы расмий өкүлү жасалма билет алып алгандар элчиликке да келип жатканын билдирди.

Тема боюнча

Москвадагы 200дөн ашык мекендешке жасалма билет саткан аял кармалды
Белгилер:
авиарейс, миграция, билет, Аскат Алиев, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ