15:24 26 Бугу 2017
Түз эфир
Кишен. Архиивдик сүрөт

Москвадагы 200дөн ашык мекендешке жасалма билет саткан аял кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
197023

Алтынай аттуу кыздан 26, 27, 28, 29, 30, 31-декабрга болжол менен 200дөн ашык кыргызстандык Москва — Ош, Москва — Бишкек каттамы боюнча жасалма билет сатып алышкан.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Москвадагы 200дөн ашык мекендешке жасалма билет саткан аял кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Анын айтымында, 40тан ашык мекендеш жасалма билеттин айынан Кыргызстанга уча албай калганын айтып, өкүлчүлүккө кайрылышкан. Кыргызстандыктар билеттерин 26-27-декабрга алып, Домодедово аэропортунан Кыргызстанга учмак. Аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп, натыйжада Алтынай аттуу кыз кармалган. 

"Москва шаарындагы Большая Ордынка көчөсүндөгү №63 үйүнүн 22-кабинетинде авиабилет саткан Алтынай аттуу кыздан 26, 27, 28, 29, 30, 31-декабрга болжол менен 200дөн ашык мекендеш Москва — Ош, Москва — Бишкек каттамы боюнча билет сатып алышкан. Азыркы күндө ошол сатып алган адамдардын көбү билети жасалма экенин аэропортко баргандан кийин билип жатышат. Кимде ким аталган жерден билет сатып алган болсо аэропортко барып убара болбоңуздар, билеттериңер жасалма", — деп жазган Алиев.

Ал ошондой эле алдын ала билеттерди авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнөн алмаштырып алууну суранып, билеттерди атайын авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнөн гана алууга чакырат.

Ал эми Алтынай аттуу кыз Замоскворечье полиция бөлүмүнө жеткизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Белгилер:
билет, миграция, алдамчылык, Аскат Алиев, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ