Баптист делген кемпирди көрүнөн казып чыгарып салган киши кармалды

© Фото / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ Перми хоронят погибших при пожаре в клубе "Хромая лошадь"
В Перми хоронят погибших при пожаре в клубе Хромая лошадь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл октябрь айында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сары-Талаа аймагында жергиликтүү тургундар 76 жаштагы кемпирди баптист динин тутунган деп жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө уруксат беришкен эмес.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облустук ИИББдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери маркумдун көмүлгөн жерин барып казып салган кишини кармашканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Аталган жаранга издөө жарыяланган болчу.

Мусулмандар мүрзсөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көр азабы. Эки метр жер буюрбаган эне үч жолу көмүлдү
Белгилей кетсек, 2016-жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа аймагында жергиликтүү тургундар 76 жаштагы кемпирди баптист динин тутунган деп жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө уруксат беришкен эмес. Ошентип маркумдун сөөгү үч жолу жерге берилген болчу.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ИИББи Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси (маркумдун сөөгүн мазактоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Каза болгон кемпирдин сөөгүн көмүлгөн жеринен казып чыгарып салган кишилер аныкталып, алар издөөгө алынган. 

Бишкек шаарынын Ленин районундагы оюн-зоок борборунун жанынан Чүй ОИИББдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаада жашаган Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургунун кармашкан. Ал тергөө органдарына өткөрүлүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0