Казарман — Акталчат — Нарын автоунаа жолу жабылат

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар көчкүнү атып түшүрүүгө КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы аткычтар батальонунан артиллериялык расчет бөлүнгөн.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Казарман — Акталчат — Нарын автоунаа жолу жабыла турганын ӨКМ билдирди.

Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, Казарман — Акталчат — Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94- чакырымдары Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. 

"Ошонун негизинде артиллериялык куралдарды колдонуу менен Кара-Көө ашуусунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын аткаруу талабы коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Кар көчкүнү атууга КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы аткычтар батальонунан артиллериялык расчет бөлүнгөн. 27-29-декабрь күндөрү ӨКМдин, Транспорт министрлигинин кызматкерлери жана артиллериялык расчеттун курамы менен биргеликте кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0