БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ишемби күнү эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринен ИИМдин мурунку жетекчиси, милициянын генерал-майору Болотбек Ногойбаев каза болду. Бул маалыматты аталган министрлик да тастыктады.

"Ногойбаев эртең менен ооруканадан каза болду. Гриппке кабылып, ал өтүшүп кеткен. Жерге берүү зыйнаты дүйшөмбү күнү өтөт", — дешти ИИМден.
Болотбек Ногойбаев 61де болчу. Ички иштер министрлигин 2007-2008-жылдары башкарган.