Шаарды аралай муз тепкен сноубордисттерди милиция айыпка тартат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСноубордчу. Архив
Сноубордчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай спортчулар жол тандабаска муз тепкен тактайларды илип, Панфилов паркынын тегерегинде, Эски аянтта жана Эркиндик проспектисинде "сейилдешкен".

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жума күндөн ишемби күнгө караган түнү Бишкек шаарына жааган калың кардан улам Бишкектин көчөлөрүн аралай сноубордисттер муз тепкен. Бул тууралуу муз тепкен балдардын өздөрү соцтармактарга сүрөттөрүн жана видеосун жайгаштырышкан.

Өздөрүнүн Facebook баракчаларына колдонуучулар Михалил Попов жана Тем Колосов видеолорду салып бөлүшүп коюшкан.

Кыргызстандын тоо-лыжа базалары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тоо-лыжа базалары: шаймандарды ижарага алуу, жол кире жана баасы
Видеодо көрүнүп тургандай спортчулар жол тандабаска муз тепкен тактайларды илип, Панфилов паркынын тегерегинде, Эски аянтта жана Эркиндик проспектисинде "сейилдешкен". 

Алар "сейилдөөгө" жолдорго себилген кумдар тоскоол болгонун жазышып, мындан улам экинчи жол менен муз тебүүгө туура келген.

Капаланган сноубордисттер Бишкек шаардык мэриядан кар жааган биринчи күнү эле жолдорго кум сеппөөсүн суранышкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкек ШИИБдин кайгуул милициясына калаадагы түнкү сноубордисттердин аракеттери боюнча кайрылган. Кайгуул милициясы алардын жоруктары мыйзам бузуу болуп эсептелээрин айтып, спортчулар айып пулга жыгылаарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0