Бишкектин 12-кичи районундо 3,6 кг. нашаа менен киши кармалды

Жазылуу
Колго түшкөн 31 жаштагы тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 24-дек.— Sputnik. Бишкектин 12-кичи районунда 3,6 килограмм гашиш менен киши кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Чүй облустук ИИББдин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте баңгизатты мыйзамсыз сактап жана сатууга аракет кылган Бишкектин жаранын кармаган.

"Колго түшүрүү иштери Бишкектин 12-кичирайонунда 21-декабрда кечинде ишке ашты. Баңгизат менен каршы күрөшкөндөр кылмышка шектүү деп Honda үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичин текшерүү учурунда беш желим бөтөлкө менен картон кутучасы табылган. Анын ичинде кара куурайдын жыты бар атайын өстүрүлгөн зат табылган", — деп жазылат маалыматта.

Кармалган баңгизаттын салмагы 3 килограмм 670 граммды түзгөн.

Колго түшкөн 31 жаштагы Бишкектин тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0