Ноокат: жасалма келишим менен ишкерге акча которгон бийлик өкүлдөрүнө иш козголду

Жазылуу
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жасалма келишим менен ишкерге ири суммадагы акчаны мыйзамсыз которгон деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ноокаттагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү бюджеттен 120 миң сомду жеке ишкердин эсебине которушкан. Бул тууралуу Ош облусттук прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алар суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү жабдууларды сатып алабыз деп үч тараптуу жасалма келишим түзүшкөн. Жергиликтүү бюджеттен мыйзамсыз которулган акчаны өз пайдасына колдонушкан.

Бул факты боюнча Ош облусунун Ноокат районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0