Күбө: Бишкекте аялына болушкан айдоочу жөө адамды атып салды

© Sputnik / Эркин АлымбековМосква менен Ибраимов көчөлөрү кесилишде айдоочу жөө адамга ок чыгарган жер
Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишде айдоочу жөө адамга ок чыгарган жер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кетти.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

© Sputnik / Эркин АлымбековБүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp каналы аркылуу күбө билдирди
Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp каналы аркылуу күбө билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp каналы аркылуу күбө билдирди
© Sputnik / Эркин АлымбековАнын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен.
Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен.
1/2
Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp каналы аркылуу күбө билдирди
2/2
Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен.

Анын айтымына караганда, окуя болжол менен саат 11.30дар чамасында болгон. 

"Москва көчөсүнөн көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна кайрылып бараткан унаанын алдынан жөө адам чыгып калды. Айдоочу ага жол бербей койгонбу, айтор, экөө сүйлөшүп туруп эле мушташа кетишти. Унаада отурган айдоочунун аялы сыртка чыга калып жолдошуна болуша баштады. Тиги адам аялга асыла баштаганда айдоочу жубайына болуша кетип жөө адамды карай ок чыгарды", — деп жазды күбө.

Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен. 

Ал эми айдоочу кош бойлуу жубайына болушуп, аны коргоо үчүн ок чыгарууга барганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0