Бишкек — Ош жолуна түшкөн кар көчкү жүргүнчү ташыган унааны жол жээгине сүрүп чыгарды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Белдин жолу кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу 5-6 саатка жабык болору кабарланды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 224-чакырымында кар көчкү жүргөнүн Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, узундугу 300, бийиктиги 3-4, туурасы 14 метрге жеткен көчкү бүгүн саат тогуз жарымда Ала-Бел ашуусунан түшө берген жерди жаап калган.

"Көчкү маалында кар Mersedes-Giant унаасын сүрүп, жолдун жээгине чыгарып салган. Бактыга жараша жүргүнчүлөрү жабыр тарткан эмес", — деп айтылат билдирүүдө. 

Замбирек жана кар көчкү. Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү атайылап түшүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Замбирек жана кар көчкү. Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү атайылап түшүрүлдү
Жолду тез арада тазалоо максатында жерине транспорт министрлигинин №23 бригадасы тартылды.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, жолдун 224-чакырымы дагы 5-6 саатка жабык болот.

Транспорт министрлиги Бишкек — Ош жолуна чыгууну пландап жаткан айдоочуларды жол толугу менен ачылганча күтүп турууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0