Базар-Коргон: көмүрдүн иси уруп каза болгондор энеси жана уул, кызы болуп чыкты

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүНовые автомобили "Скорой помощи"
Новые автомобили Скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу ӨКМге бир күндөн кийин, алар каза тапкандан соң айтылгандыктан, куткаруучулар барган эмес.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Базар-Коргон районуна караштуу Коткор айылында көмүрдүн иси уруп каза болгондор энеси жана эки баласы болуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Эске салсак, 22-декабрга караган түнү көмүрдүн исине үч адам ууланып каза тапкандыгын кабарланган.

"Көмүрдүн исине 37 жаштагы аял 14 жаштагы уулу жана үч жаштагы кызы менен ууланып каза тапкан. Ал эми үйдүн кожоюну Москва шаарында иштээри маалым болду", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык тууралуу ӨКМге бир күндөн кийин, алар каза тапкандан соң айтылгандыктан, куткаруучулар барган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0