Ош: саунада сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүСауна. Архив
Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган 42 жаштагы аял Ош шаарындагы "Орунбай ата" саунасынын администратору болуп иштечү.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош шаарында саунага келген эркектерге кыздарды чакырып, сойкулук жай уюштурууга шектелген администратор аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди. 

Кармалган 42 жаштагы С.С. аттуу аял Ош шаарындагы "Орунбай ата" саунасынын администратору болуп иштечү.

"Бул аял кардарларга саунадан жай берип, андан соң сойкулук менен алектенип жүргөн кыздарды чакырып берип турган. Ар бир кыздын бир сааттык "кызматы" үчүн 1800 сомдон, ал эми сауна кызматы үчүн 300 сомдон акча алгандыгы анык болду", — деп жазылат маалыматта. 

Учурда иликтѳѳ иштери башталып, Ош шаардык соту тарабынан кылмышка шектүү аялдын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0