Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты иштен чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул ГЭСинин кызматкери. Архив
Токтогул ГЭСинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ишканасы ТЭЦ менен ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу өлкө ичиндеги электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууга толук жетерин белгиледи.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Токтогул ГЭСинин №2 гидроагретагы иштен чыгып, алты күндөн бери иштебей турганын "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда 500 кВ кубаттуулуктагы кабель линиясынын эмнеден бузулганы аныкталып, жеринде Токтогул ГЭСинин жетекчилиги, жергиликтүү жана Россиядан келген тийиштүү адистер, ошондой эле Экотехинспекция тарабынан түзүлгөн комиссия иш алып барууда.

"Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган жок. Учурда ТЭЦ менен ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу өлкө ичиндеги электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууга толук жетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, былтыр 23-декабрда Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын трансформатору иштен чыгып, быйылкы жылдын январь айында гана жөнгө салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0