Көлдө балык кармаганы барган кишилер сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЛов рыбы в Астраханской области
Лов рыбы в Астраханской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган окуя Түп айылына жакын көлдүн жээгиндеги болгон.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Түп районунда Ысык-Көлдүн жээгине балык кармаганы барган кишинин кайыгы оодарылып чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барып көлдүн жээгинен 5-6 метр аралыкта балыкчынын жансыз денесин алып чыгышкан.

Ал эми чөккөн  кайыктын ичиндеги 26 жаштагы экинчи адамдын сөөгү издөө иштеринин натыйжасында саат 08:50дө табылган. 


Жаңылыктар түрмөгү
0