Кайгуул милициясы: айдоочу адамды сүзүп, ооруканага жакын жерге таштап кеткен

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматына 3-октябрь күнү №47 түзөтүү колониясынын жанында канга боелгон адам жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Медицина кызматкерлери жабыркаган адамды ажалдан сактоого жетишпей калышкан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери эки ай мурун адамды тебелеп кеткен деп шектелген жаранды кармады. 

Адамды өлтүрө сүзүүгө шектелген жаран: жабыркоочу ооруканага баруудан баш тарткан - Sputnik Кыргызстан
Адамды өлтүрө сүзүүгө шектелген жаран: жабыркоочу ооруканага баруудан баш тарткан
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, 3-октябрда Тез жардам кызматынын пультуна Бишкектеги №47 түзөтүүчү колониянын жанында канга боелгон эркек киши жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дарек боюнча жетип барган медицина кызматкерлери жарандын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калышкан. 53 жаштагы кишиге жардам убагында көрсөтүлбөй калгандыктан жан берген. 

"Жөө жүргүнчүнү койдуруп кетүүгө шектелген жаранды жакында эле кармадык, Баткен облусунун 40 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал 3-октябрда саат 19.00дө Бишкек шаарынан алыс эмес жайгашкан Күн-Туу айылынын аймагында адамды койдуруп кеткендигин моюндаган. Унаасын токтотуп, жабыркаган жаранды ооруканага алып жөнөгөн. Биздин версия боюнча, ал адам өлүп калды деп ойлоп №47 колониянын жанына таштап кетип калган", — деп Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн начальниги Ажыбек Майназаров билдирди. 

ДТП с участием автомобиля марки Mazda на автодороге Бишкек — аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда жол кырсыгы катталып, эки киши жабыркады
Ал эми шектүү жаракат алган жаран тирүү болгондугун, бирок медициналык жардам алуудан баш тартканын билдирген. Аны ооруканага жакын жерге таштап кетүү кеңешин тууганы бергенин айткан. Тергөөчүлөр Тез жардам кызматына шектүүгө кеңеш берген тууганы телефон чалганын аныкташты. Ал Тез жардам кызматына болжол менен 21.00дө, тагыраагы кырсыктан эки саат өткөндөн кийин чалган. 

Учурда бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү (жол эрежесин сактабагандык) жана 121-беренесинин 2-бөлүгү (кооптуулукка калтыруу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалган айдоочу Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0