Ак көңүл операторду токмоктоп, тоноп кетти дегендер кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУнаага күйүүчү май куюп жаткан оператор. Архив
Унаага күйүүчү май куюп жаткан оператор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү оператордун саат алтыда келгиле деген сөзүнө ынабай терезени каккылап, жолго шашылыш чыгып жатканын айтып, суранып туруп алган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Токмок шаарындагы май куюучу бекеттердин бирине таңга маал кол салууга шектелген аял менен эркек кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Советско-финская граница - Sputnik Кыргызстан
Жолдон адашып өзбек чек арачыларына кармалган үч КР жаранынын экөө кое берилди
Мындан төрт күн мурда Токмоктогу май куюучу бекетке саат 05:13тө келген аял автоунаасына газ толтуруп алууну суранган. Оператордун саат алтыда келгиле деген сөзүнө ынабай терезени каккылап, жолго шашылыш чыгып жатканын айтып, суранып туруп алган. Кызматкер оператордук бөлмөсүнөн чыкканда ага эркек киши кол салган.

Жыйынтыгында, 500 сомдук "Nokia Х-2", "Hyundai Sonato" автоунаасынын 2000 сомдук ачкычын жана кассадан 53 000 сомду алып, из жашырышкан.

Милициянын маалыматына караганда, алар алып кеткен чыгым 55 500 сомду түзгөн. 

"Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык, соттук-криминалисттик жана соттук- дактилоскопикалык экспертизалар дайындалды. Ал эми буга шектүү делген жергиликтүү бир аял жана эркек кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп маалымдады маалымат кызматынан.

Маалыматта, кармалган эркек мурда соттолгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0