Ошто ата-энесине болушкан 25 жаштагы жигит эки кошунасын бычактап салды

CC BY 2.0 / Mr Seb / The diary of a psychopathБычак кармага адам. Архив
Бычак кармага адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер тилкесин талашкан кошуналар чатакташа кетишкен.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 25 жаштагы тургуну эки кошунасына бычак сайгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Анын айтымына караганда, кошуна жашаган эки үй-бүлө жер тилкесин талашып чатакташа кеткен. 

"Ата-энесине болушкан жигит алар менен урушуп жаткан эки адамга бычак сайып алган. Жабыркаган эки жаран жергиликтүү ооруканага оор абалда жеткирилди", — деп билдирди Сыдыков.

Шектүү Ош шаардык ИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0