Сузак: согушта каза болгондорго арналган парк соодагерлердин тепсендисинде калды

© Фото / Талгат БакиевСузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүрүлдү
Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу Достук эс алуу багынын аймагына көчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан. Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деп базар жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылган.

СУЗАК, 16-дек. — Sputnik. Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүп келгенин жергиликтүү кабарчыбыз билдирди.

© Фото / Талгат БакиевСузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүп келгенин жергиликтүү кабарчыбыз билдирди
Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу Достук эс алуу багынын аймагына көчүп келгенин жергиликтүү кабарчыбыз билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүп келгенин жергиликтүү кабарчыбыз билдирди
© Фото / Талгат БакиевМаалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган
© Фото / Талгат БакиевЖумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан
Жумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан
© Фото / Талгат БакиевАнын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деген шылтоо менен базарды жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылдырышкан.
Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деген шылтоо менен базарды жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылдырышкан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деген шылтоо менен базарды жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылдырышкан.
1/4
Сузак районунун борборунда бешинчи күн сайын боло турган базар райондогу "Достук" эс алуу багынын аймагына көчүп келгенин жергиликтүү кабарчыбыз билдирди
2/4
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган
3/4
Жумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан
4/4
Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деген шылтоо менен базарды жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылдырышкан.

Маалыматка ылайык, аталган эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында курман болгондорго арналып эстеликтер орнотулган. 

ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Аламүдүн базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды
Жумасына бир жолу өлкөнүн булуң-бурчунан келген соодагерлердин башын бириктирген бул жайдын эски орду райондун борборунда жайгашкан. Анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатат деген шылтоо менен базарды жакын жердеги эс алуу багы тарапка жылдырышкан.

Сатуучулар бул жерге товар жүктөлгөн унаалары менен кирип алышкандыктан буга ардагерлер гана эмес, сатуучулар дагы нааразычылыктарын билдирип жатканын кабарчыбыз билдирди.

Баткен окуясынын катышуучуларынын Сузак районундагы төрагасы Аскар Рамазанов эс алуу багына коюлган эстеликтер тебелеп-тепселенип жатканын айтты.

"Бул жерге Ата мекендик согушта, Афган жана Баткен окуяларында каза болгондор үчүн эстелик тургузулган. Эми бул жакта ошолорду тебелеп-тепсеп жатышат. Ушуга уруксат берген чоңдорубузду түшүнгөн жокмун", — деп Рамазанов нааразычылыгын билдирди.

Ал ошондой эле бул жерге эстеликти тургузуу иштери төрт жыл мурун башталганын, бирок коюлган эстеликтерди бузуп кеткен көрүнүштөр уланып жатканын баса белгиледи. 

"Бул жерди үч жолу бузушту. Тийиштүү органдарга кайрылсак, алар таап бере алышкан жок. Быйыл эле оңдоо иштерин жүргүзгөн элек, "Эрдик" медалын кайтадан жулуп кетишиптир. Биз деле акчабызга жараша курганбыз. Өлгөн балдарыбыздын аты өчпөсүн деп аракет кылдык эле. Бул жакка эккен газондор дагы тебелендиде калды", — деди ал. 

Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Рыскелди Момбеков: "Дыйкан" базарын жабууга жеке адамдар кызыкдар
Жайма базардын көчүшү сатуучулар үчүн да күтүүсүз болгон.

Кечээ берилген эскертүүнү көпчүлүк соодагерлер угушкан эмес. Себеби жумадан башка күндөрү саналуу гана адам базарга чыгат. Соодагерлер базарга кечээ келгендер орундуктарды ээлеп алганын айтышты. Мындан тышкары, аталган жайда негизги шарттар жок, тартип орнотуу үчүн кылып жаткандан кийин үстүн жаап, шарттарды түзүп бериш керек эле. Соодагерлердин айтымында, азыр баары эки-экиден урушуп, орун талашып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0