Ош: мечиттерден телефон уурдап жүргөн 44 жаштагы киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи кражи мобильных телефонов
Случаи кражи мобильных телефонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош ШИИБи шектүү кишиден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБдин 10-бѳлүмүнѳ кайрылууну суранат.

ОШ, 16-дек. — Sputnik. Мечиттерден жарандардын уюлдук телефондорун уурдап жүргѳн жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалганын Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

Китайская платежная система UnionPay заработала в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте банктык картадан 10 миң сом уурдоого шектелген кыз кармалды
Маалыматка ылайык, аталган жаран Кара-Суу районунун Мады айыл ѳкмѳтүнүн 44 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталды. Ал Ош шаарынын аймагындагы эки мечиттен жарандар дааратканага кирип кеткен учурда сыртка чечип койгон күрмѳлѳрүнѳн телефондорун алып койгон. 

Учурда кармалган киши, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мурда дагы уурулук жасап соттолгону аныкталды.

Ош ШИИБи шектүү кишиден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБдин 10-бѳлүмүнѳ кайрылууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0