Бишкекте банктык картадан 10 миң сом уурдоого шектелген кыз кармалды

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүКитайская платежная система UnionPay заработала в Крыму
Китайская платежная система UnionPay заработала в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кармалган кыз тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну банктык картадан 10 миң 377 сом уурдоого шектелип кармалгандыгын Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, 34 жаштагы калаа тургуну акча уурдатканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. 

"Доочу белгисиз адамдар №48 мектептен анын банктык картасын уурдап ичиндеги 10 миң 377 сомду чыгарып алышканын билдирген. Жазылган арыздын негизинде издөө иштери башталган", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда кармалган шектүү кыз тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0