БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Талас шаарынын Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагында жүк ташуучу унаадан эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Mercedes унаасынан чыгарылган кишинин 60 жашта экени белгилүү болду.
Маркумдун сөөгүн чыгаруу иштерине беш куткаруучу тартылган. Жансыз дене алып чыгарылгандан кийин милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.
Учурда окуянын чоо-жайын аныкталып жатат.