Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо 5 ирет добуш сатып алуу фактысы катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов в Жогорку Кенеш 2015 – Бишкек
Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 – Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш сатып алуу мыйзам бузуу болуп саналат. Жаза катары 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерге өтүп жаткан шайлоодо беш ирет добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. 

"Учурда добуш сатып алуу боюнча беш факты катталды. Экөө Чүй обулсунда болсо үчөө Бишкек шаарында", — деди Орозалиев. 

Эске сала кетсек, добуш сатып алуу мыйзам бузуу болуп саналат. Жаза катары 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0