Бишкектин борборундагы өрт өчүрүлдү

© Фото / очевидца Нурлана Тентиева, отправленное по Whats App-каналуБорбор калаанын Медеров — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт өчүрүлдү
Борбор калаанын Медеров — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалын майлап-сырдоочу каражаттар сакталган кампадан чыккан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Медеров — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт өчүрүлдү деп билдиришти "101" кызматынан.

Буга чейинки кабарларда автоунаа оңдоочу жайдын күйгөндүгү айтылган. Такталган маалымматтардан кийин ал жерде майлап-сырдоочу каражаттар сакталган кампа экендиги аныкталды.

Тилсиз жоону өрт өчүрүүчү кызматтын эки унаа келип өчүргөн.

"Өрт туурасындагы кабар бизге 17.30да түштү, ал эми беш мүнөттөн кийин өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо чыккан жерде болуп калышты. 18.23тө толугу менен өчүрүлдү ", — деп айтышты "101" кызматынан.

Адам өмүрүнө зыян болгон эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0