Жөө кишини эки унаа сүзүп кетти. Милиция экинчи RAV4 үлгүдөгү унааны издөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив
Окуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган адамга жардам кылуу максатында сүзгөн унаанын айдоочусу чуркап чыккыча, арттан келе жаткан ак түстөгү Toyota RAV4 унаасы сүзүлгөн кишини тебелеп кеткен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Борбор калаада жума күнү жөө жүргүнчүнү бир унаа сүзүп, дагы бирөөсү тебелеп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы кабарлады.

Болжол менен кечки саат 23:50 чамасында Юнусалиев көчөсүнөн эркек киши жолдо өтүп бара жатканда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

"Жабыркаган адамга жардам кылуу максатында сүзгөн унаанын айдоочусу чуркап чыккыча, арттан келе жаткан ак түстөгү Toyota RAV4 унаасы сүзүлгөн кишини тебелеп кетип, андан ары из жашырган", — деп маалымдады Кайгуул милициясы.

Жабыркаган адам оор абалда Бишкектин травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

ДТП с участием инкассаторской машины в селе Жылкелди - Sputnik Кыргызстан
Ошто инкассатор менен жүк ташуучу унаа кагышып 2 адам жабыркады
Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден качып кеткен унаанын номурун аныкталгандыгын, бирок, айдоочу кармала электигин билдирди. Мамлекеттик номурда катталган даректе изделген адам жашабай турганы белгилүү болду. Учурда издөө иштери уланууда.

Кырсык болгон жерден качкан ак түстөгү Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа. Мамлекеттик номуру В 00 37 АТ. Эгерде кимдир-бирөө бул номердеги унааны көрүп билип калса милиция төмөндөгү телефондорго кайрылууну суранат:0312 53-22-33, 53-01-81, 0772 18-88-21.

Жаңылыктар түрмөгү
0