Ошто инкассатор менен жүк ташуучу унаа кагышып 2 адам жабыркады

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиДТП с участием инкассаторской машины в селе Жылкелди
ДТП с участием инкассаторской машины в селе Жылкелди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда техникалык экспертиза дайындалып тергөө иштери башталды.
Жеңиш Ашырбаев: портер менен кагышкан инкассатордун машинасы аңтарылып кеткен

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош — Кара-Суу жолундагы Жылкелди айылында жеке менчик банкка караштуу инкассатор менен Hyundai Porter унаасы кагышканын Ош облустук ИИББдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Маалыматка караганда, кыгышуунун айынан инкассатор автоунаасы жол жээгине аңтарылып кеткен.

"Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында каршы тилкеге чыгып кеткен инкассатор кырсыкка себеп болгон. Кагышуунун кесепетинен инкассатордун айдоочусу менен банк кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деди Ашырбаев.

Анын айтымында инкассатор автоунаасында акча болгон эмес. Учурда техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0