БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы айланма жолдогу кагылышуу болоор алдында Кайгуул милициясынын инспектору жолго чуркап чыкпаганын Чүй кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Видеонун автору кырсыктын болушуна казак номерлүү унааны жолдун аркы бетинен тосууга аракет кылган Кайгуул милициясынын инспектору себеп болгонун белгилеген.
Кагышуунун натыйжасында Mercedes Sprinter унаасынын айдоочусу бутун сындырып алганы белгилүү болгон.
Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы инспектордун айыбы жоктугу боюнча облустук прокуратура маалымдама бергенин кабарлады.
"15-ноябрь күнү аталган аймакта инспектор саат 16.30 чамасында турган. Өзүнүн айтымында кагышуу болгон учурда ал жолдун жээгинде телефон аркылуу сүйлөшүп турган. Кырсык болгондон кийин аймактык милиция келгенге чейин күтүп туруп, кийин жогорку кызматтагы чиновникти коштоо үчүн кеткен. Видеонун автору провокация кылып жатат", — деп Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти.
Man унаасынын айдоочусу убактылуу кармоо жайына эки күнгө камалып, кийин эч жакка кетпээри тууралуу кепилдик менен чыгарылган.
Учурда бул ишти КР ИИМинин өздүк коопсуздук кызматы иликтеп жатат.