Бишкекте ок жеп, бычакталган киши ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган адамыдын архивдик сүрөтү
Тапанча кармаган адамыдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИБи окуя тууралуу укпаганын айтышты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна ок жеп, бычак сайылган 22 жаштагы киши түшкөн. Бул маалыматты аталган ооруканадан тастыкташты. 

Айрым маалыматтар боюнча окуя Бишкек шаарынын Махатма Ганди менен Көк-Сай көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Жаран оор абалда келип түшкөн. Аны желим ок менен атып, бычак сайышкан. Учурлда операция жасалды", — деди травматология борборунун башкы дарыгери.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат түшпөгөндүгүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0