Алматыдан уурдалган уюлдук 104 телефон Бишкектен табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон жана АКШ доллары. Архив
Уюлдук телефон жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга атайын келген Алматы шаардык полициясынын өкүлдөрү Бишкектик милиция менен биргеликте уюлдук телефон сатылган жерлерди текшерди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Казакстандын полициясы кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында Алматыдан уурдалган телефондорду Бишкектен табышканын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алар сатуучулардын соода текчесинде турган телефондордун IMEI кодун сурашкан.

"Ошентип, 2012-2016-жылдары каттоого алынган маалыматтар менен салыштырылган. Анын жыйынтыгында Алматыдан уурдалган 104 чөнтөк телефонду табууга мүмкүн болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Алматы шаардык полициянын ички иштер департаментинин криминалдык башкармалыктын жетекчиси Жанболот Зиадин табылган телефондорду кылмыш иштерине тиркөө жагынын мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0