Кытайдан келген жүктөн радиациялык кооптуулук аныкталды

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүПроверка на радиацию машин, поступающих из Японии, в Сахалинской области
Проверка на радиацию машин, поступающих из Японии, в Сахалинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк Кытайдан Кыргызстанга Казакстан аркылуу келе жаткан.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кайыңды-темиржолу" өткөрмө пунктунан радиациалык кооптуулугу жогору болгон жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, жүк Кытайдан Кыргызстанга Казакстан аркылуу келе жаткан. 

"Өткөрмө пунктунан радиациялык портал иштеп кеткен. Буга байланыштуу чек арачылар жүктү кошумча текшерүүдөн өткөргөндө радиациянын деңгээли нормадан ашып кеткени байкалган. Радиациялык коопсуздукту сактоо максатында жүк "Кайынды" станциясындагы атайын жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстандын аймагына кирген жүк 37 тоннаны түзгөн. Анда катуу материалдарды майдалоочу жабдык, отко чыдамдуу кирпичтер жана кургаткыч болгон. 

Иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жүк ӨКМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0