Бишкектеги жол кырсыгынан бир жоокер каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая помощь
Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кеселишинде эки унаа кагышып кеткен.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдан билдирди. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кеселишинде болгон. 

"Кагылышкан эки унаанын биринде №73809 аскер бөлүгүнүн эки аскери болгон. Бирөөсү кырсыктан каза болуп, экинчиси шаардык №4 ооруканага жаткырылды. Мындан сырткары, жабыркаган башка жарандар да ооруканага жеткирилген", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган жол кырсыгы боюнча Аскер прокуратурасына маалымат берилип, учурда тергөө иштери башталды. Жол кырсыгынын себептерин Кайгуул милиция кызматкерлери да иликтеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0