Эшек сатып иштейбиз деп таанышын алдап уурдап кеткендер кармалды

Жазылуу
Шектүүлөр карызы бар кишини Ысык-Көлгө эшек сатып иштейбиз деп чакырып, ал келгенде аны уурдап кетип, туугандарынан акча талап кылган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Карызын өндүрүү үчүн жаранды уурдап кетип, анын туугандарынан акча талап кылгандар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү жаран жабырлануучуну эшек сатып иштейбиз деп Ысык-Көлгө чакырган. Эч нерседен күмөн санабаган жаран жүк ташуучу унаа айдаттырып, Ысык-Көлгө келген. Ал Балыкчыга келгенде аны башка жакка уурдап кетип, туугандарынан акча талап кылышкан.

"Ноябрь айынын аягында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун тургунун уурдап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Аны Ысык-Көл облусуна алып кетип, туугандарынан ири көлөмдөгү акча талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта. 

Митинг против распространения мяса ослов - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада үч күн ичинде 60 эшектин терисин сыйрып кетишти
Бул ишке уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмү да тартылган.

Шектүү жарандын жашаган жерин аныктоо үчүн Балыкчы ШИИБдин тергөөчүлөрү дагы катышып, Кылмыш жаза кодексинин "Адам уурдоо", "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" жана "Өзүм билемдик" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда бул ишке тийиштиги бар делип Ак-Суу районунун 25 жаштагы тургуну кармалган.

"Шек жаратпоо үчүн милиция кызматкерлери жабыр тарткан жарандын ата-энеси аркылуу талап кылынган акчанын жарымы — 40 миң сом сунушташкан. Аныгында укук коргоо органдарында андай каражат жок болчу. Сунушталган акчаны шектелип жаткан жаран банктардын бири аркылуу алууну көздөгөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында адамды уурдоого катыштыгы бар киши Жети-Өгүз районунун аймагынан кармалган. Уурдалды делген Кара-Суу районунун тургуну ошол эле жерде жеңил автоунаанын ичинде болгон", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала билдирүү боюнча шектүү менен жабыркаган жаран буга чейин тааныш болуп, Россияга барып иштеп келишкен. Ал жактан бирөө экинчисине ири суммадагы акча карыз болуп калган. Кармалган шектүү жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0