"Таатан" соода борборунун жанында чыккан өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в складском помещении в торговом центре "Таатан"
Пожар в складском помещении в торговом центре Таатан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт эмнеден улам чыкканы азыр белгисиз. Жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун жанында чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Түркиянын түштүгүндө Адана облусунун Аладаг районундагы өрт чыккан жатакана - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жатакана өрттөнүп, 11 окуучу жана бир мугалим каза болду
Өрт тууралуу билдирүү саат 11:14тө келип түшкөн. Тилсиз жоо Лермонтов №35а дарегиндеги кампалардын биринде чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт 120 чарчы метр жерге жайылган. Аны өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Өрт саат 11:53тө чектелип, 13:06да толугу менен өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, бир ай мурун дал ушул базарда өрт чыгып, өрт 700 чарчы метрге жайылган. Аны өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү машина тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0