Ош: студент кызды зордуктоого шектелген милициянын үстүнөн текшерүү башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студент кыз өз арызында милиция кызматкери аны унаасы менен Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине алып барып, зордуктаган соң ур-тепкиге алгандыгын жазган.

ОШ, 2-дек. — Sputnik. Студент кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкеринин үстүнөн Ош шаардык прокуратурасы текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу шаардык прокуратура Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштогу жогорку окуу жайларынын биринин 21 жаштагы студенти ушул жылдын 26-ноябрында прокуратурага арыз жазып, аны милиция кызматкери зордуктагандыгын айткан.

"Азырынча бул боюнча кылмыш иши козголо элек. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ал милиция кызматкеринин үстүнөн териштирүү иштери башталып, иликтөө жүрүп жатат", — деп билдирди шаардык прокуратура кызматкери.

Студент кыз өз арызында милиция кызматкери аны унаасы менен Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине алып барып, зордуктаган соң ур-тепкиге алгандыгын жазган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0