Ошто Кыргызстан, Тажикстан, Россия издеген 12 кылмышкер кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, адам өлтүрүү жана уурулукка шектелип эки кылмышкер изделүүдө.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ошто Кыргызстан, Тажикстан, Россия сотунан качкан 12 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБ маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматтар боюнча, анын тогузу Россиянын тартип коргоочулары тарабынан изделип жатса, бири тажикстандык кылмышкер.

"Кармалган адамдар Жаза кодексинин уурулук, мыйзамсыз түрдө баңгизатты алып жүрүү, жол кыймылын бузуу, пара берүү жана жасалма документ жасоо беренелери боюнча изделип жатышкан", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары, Жаза кодексинин адам өлтүрүү жана уурулук беренелери боюнча эки кылмышкер изделүүдө.

Учурда кармалган адамдар Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди.

Соттон жашынып жүргөн чет элдик адамдар тергөө аяктаган соң өз өлкөлөрүнө экстрадицияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0