Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган сайт жабылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаблокированные сайты в КР
Заблокированные сайты в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайт Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк кылууга тыюу салынган уюмдарга таандык экени аныкталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда диний араздашууну козуткан, экстремизм менен терроризмди пропагандалаган сайт экстремисттик деп табылып Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жабылды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков билдирди. 

Аталган сайт Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк кылууга тыюу салынган уюмдарга таандык экени аныкталган. 

"Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жаннат Ошиклари" жана "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" аттуу экстремисттик уюмдардын сайты аныкталып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан жабылды. Негизи бул эки аталыш бир эле уюмга тиешелүү. "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюму Борбордук Азияда "Жаннат Ошиклари" деп аталып келет", — деп билдирди Мурзабеков. 

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында иши токтотулган же жоюлган диний уюмдардын саны 3, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын саны 18 жана тыюу салынган экстремисттик интернет-сайттардын саны 8ге жеткен. Ошондой эле Саид Бурятскийдин экстремисттик материалдарын басып чыгарууга, колдонууга, сактоого, таратууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0