"Алкан" базардагы кырсыктан эки казак, үч кыргыз жараны жабыркаган

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники милиции на месте обвала крыши на центральном проходе на столичном рынке "Дордой"
Сотрудники милиции на месте обвала крыши на центральном проходе на столичном рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта жабыркагандар зарыл болгон дары-дармектер менен толук камсыздалгандыгы айтылат..

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Дордойдун" ичиндеги жайгашкан "Алкан" базарындагы бастырманын урашынан улам, беш адам жабыркап, алардын төртөөнүн ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жабыркагандардын бардыгы ооруканага жеткирилген.

"Алардын экөө Казакстандын жараны экен, бири 38, экинчиси 60 жашта. Ал эми калган экөө 40 жана 62 жаштагы кыргыз жарандары болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта жабыркагандар зарыл болгон дары-дармектер менен толук камсыздалгандыгы айтылат.

Бир кишинин аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0